БИШКЕК. Түндүк шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Роза Отунбаеванын шайлоо штабынан 24-ноябрда “Азаттыкка” билдиришкенине караганда, шаршемби күнү кечке жуук, штабдын эки өкүлүнө белгисиз бирөөлөр кол салып, аларга таандык “Москвич” автоунаасынын терезелерин талкалап, шайлоого тиешелүү документтерди алып кетишкен. Ошол эле түнү Роза Отунбаеванын кадыр-баркына шек келтирген баракчалар аталган округдун аймагына таратылган. Роза Отунбаеванын тарапкери Замирбек Алыбаев бул тууралуу мындай дейт:
- Кол салгандардын башка максаты болсо анда эмне үчүн балдардын акчасына тийбей, документтерди алып кетет? Эмне үчүн “Москвичти” талкалайт? Кол салуу болгондон кийин Роза Отунбаеваны ак жеринен каралаган баракчаларды Түндүк округуна кимдир-бирөөлөр таратыптыр.
Ал эми ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нурдин Жангараев бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатканын “Азаттыкка” билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясынан болсо, Түндүк шайлоо округундагы мыйзам бузууларды териштирүү боюнча жумушчу топ иштеп жатканын кабарлашты.