Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:16

Конституциялык реформа маселелери талкууланууда


БИШКЕК. 24-ноябрда Бишкектеги «Хайат» мейманканасында “Кыргызстандагы конституциялык реформа: эл аралык баа” деген аталыштагы эки күндүк конференция өз ишин баштады. Ага Конституциялык кеңештин мүчөлөрү, Венеция комиссиясынын, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасынын өкүлдөрү катышууда. Жыйында өлкөдөгү Конституциялык реформанын максаттары жана аны ишке ашыруудагы маселелер, баш мыйзамда адам укуктары менен эркиндиктеринин чагылдырылышы, бийлик бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына байланыштуу жана башка маселелер талкууланды. 25-ноябрда конференцияда Кыргызстандагы сот системасы жана конституциялык реформаны жүзөгө ашыруунун мөөнөттөрү жана жолдору талкууланат.

XS
SM
MD
LG