Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

Германия өкмөтү өзбек бийлиги менен сүйлөшөт


Германия өкмөтүнүн басма сөз өкүлү Ульрих Вилхелм келээрки аптада Берлиндик делегация Ташкенге барып, өзбек өкмөтү менен Термездеги базаны пайдалануу маселесин талкуулай турганын билдирди. Өзбекстан шаршембиде НАТО мындан ары Термездеги базаны жана өлкөнүн аба мейкиндигин пайдалана албайт деп жарыялаган. Германиялык күчтөр Термездеги базаны Ооганстандагы бейпилдик операцияларына пайдаланып келатат.

Таңкы эл аралык кабарларды Прагадан Венера Сагындык кызы даярдады

XS
SM
MD
LG