Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:41

Иракта 50дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды


Бейшембиде Багдаддын түштүк ыптасындагы оорукананын кире беришинде жардырылган машинедеги бомбадан кеминде 30 киши мерт болуп, дагы 25 чакты адам жараат алды. “Мен 1 жаш 8 айлык балам сууктап калганынан ооруканага барган элем. Жаңыдан чыгып баратканда жардыруу болуп, эшик-терезелер талкаланып, чаң, айнекке көмүлүп калдык. Айкырык салган эл ар кайсы тарапка качып баратты, менин балам чарчап калды. Жалгыз балам эле, эми эмне кылам?” – дейт ооруканадагы жардыруудан баласын жоготкон ирактык аял. Бул күнү Багдадда куралдуу кол салуулардан дагы 10 ирактык набыт болду. АКШнын эки аскери жолдогу минага жарылып каза тапты.

XS
SM
MD
LG