БИШКЕК. 26-ноябрда түнкүсүн республиканын көпчүлүк аймактарында, күндүз айрым жерлерде кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалалабат жана Баткен облустарынын кээ бир жерлерине туман түшөт. Батыш тараптан сыдырым жел жүрөт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз +2...+7 градус жылуу. Талас дубанында түнкүсүн -1...-6 градус суук, күндүз +1...+6 градус жылуу болот. Баткен, Жалалабат, Ош чөлкөмдөрүндө түнкүсүн -2 градус сууктан +3 градуска чейин жылуу, күндүз +5...+10 градус. Ысыккөл ойдуңунда түнкүсүн -4 градус сууктан +1 градуска чейин жылуу, күндүз +1...+6 градус жылуу болушу күтүлөт. Ал эми Нарын жергесинде түнкүсүн -5тен...-10 градуска чейин суук болот. Күндүз -1 градус сууктан +4 градуска жылуу.
Борборубуз Бишкекте мезгил-мезгили менен туман каптап турат. Түнкүсүн кар жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: түнкүсүн 0...-2 градус суук,а л эми күндүз +3...+5 градус жылуу болот деп кабарлашат, Кыргызстандын синоптиктери.
Кабарлар топтомун Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.
Редактор – Шайырбек Эркин уулу