БИШКЕК. 25-ноябрда Бишкекте түрк тилдүү өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын кезектеги сегизинчи жыйыны өттү. Анын ишине Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрү катышты. Ал эми байкоочулар катары бул жыйынга Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын жана Украинанын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү да келишти. Жыйында эл аралык терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы күрөшүүгө байланыштуу айрым маселелер каралды. Кеңешменин катышуучулары эл аралык террористтик, экстремисттик уюмдар соңку мезгилде өз алдынча саясий күчкө айлануу аракетин көрүп жаткандыгы, эл аралык терроризм жана экстремизм баңгибизнес, уюшулган кылмыштуулук структуралары менен бириге баштагандыгы тууралуу белгилешти. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Таштермир Айтбаев болсо, эл аралык терроризмге каршы күрөшүүдө өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуунун зарылдыгын белгиледи. Жыйындын соңунда түрк тилдүү өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын ортосундагы өз ара кызматташтыкты жакшыртуу каралган документке кол коюлду.