Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:09

Конституциялык реформага арналган жыйында сот системасы талкууланды


БИШКЕК. Эгерде Конституциялык сотту жоюп, Жогорку сот менен бириктирсек анда биз сот реформасын кайрадан 15 жыл артка тарткан болобуз. Конституциялык соттун аткаруу функцияларын күчөтүп, сот системасына көз карандысыздыкты камсыз кылуу керек. Бул тууралуу Конституциялык соттун судьясы Жумакадыр Тойгонбаев 25-ноябрда Конституциялык реформага арналган конференцияда билдирди. Жыйында Кыргызстандагы сот системасына байланыштуу маселе козголуп, анда сот бийлиги аткаруу бийлигине көз карандысыздыгы, соттордун мөөнөтсүз дайындалышы, кадрларды тандоо жана окутуу маселеси талкууланды. Ал эми юстиция министри Марат Кайыповдун пикиринде, Конституциялык сот менен Жогорку сотту бириктирүү зарыл. Анткени эки инстанциянын ортосунда карама-каршылык жаралышы мүмкүн. Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов Конституциянын жаңы долбоорунун 81-беренсинин 2-бөлүгүндөгү “Жогорку соттун төрагасы анын орун басарлары, судьялары президенттин сунушу менен Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн” деген сунушка каршы пикирин билдирди.

XS
SM
MD
LG