Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Ирактын тышкы иштер министри Токиодо сүйлөшүүлөрдү улантты


Бүгүн Хошиар Зебари япон премьер-министри Дзюнитиро Коидзумини түштүк Иракта жайгаштырылган япон аскерлеринин мандатын узартууга чакырды. Зебари өлкө азыр чечүүчү этапта турганын, алдыда шайлоо болорун, анын натыйжасында эмдиги жылдын башында жаңы өкмөт түзүлөрүн айтып, ушундай шартта япон аскерлеринин мандатын узартуу жакшы көмөк болот эле деп билдирди. Иракта 600дөй япон аскерлери бар, алар негизинен гуманитардык милдеттерди аткарат, согуш операцияларына катышпайт. Япониянын өкмөт башчысы ирак министринин өтүнүчүнө байланыштуу эчтеме айткан жок.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG