Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:32

Жалалабатта коңшу үч өлкө өкүлдөрү катышкан спорт марафону өттү


ЖАЛАЛАБАТ. Эл аралык спорт марафону Өзбекстан менен чектешкен Бүргөндү айылынан башталып, Ноокен районунун борборунда жыйынтыкталды. Марафон Фергана өрөөнүндөгү коңшу элдердин тынчтык жана ынтымакта өнүгүү максатын көздөдү. Жөө күлүктөрдүн Ош-Бишкек жолунун 42 чакырым 195 метр узундуктагы жарышын Швейцариялык өнүгүү жана кызматташтык уюму каржылаган облустагы «Тынчтыкты сактоо» деген коомдук бирикме өзбекстандык «Тараккиет» аттуу бейөкмөт уюм менен биргеликте уюштурду. Ага Кыргызстан,Тажикстан жана Өзбекстандык жүздөн ашык жөө күлүктөр менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышып, салтанаттын ачылышында сүйлөгөндөр өрөөндөгү проблемаларды бирдиктүү аракет менен гана чечүүгө болоорун белгилешти. Коомдук бирикменин төрагасы Акмат Мамбеталиевдин билдиришинче, коңшулаш мамлекеттерде чек аралардын аныкталбаганы, диний экстремизм, маңзат соодасы, чекара жана бажы кызматкерлеринин одоно мамилелери менен мыйзамдуулуктун толук сакталбаганы, мал уурулук, сугат жана ичүүчү суунун тартыштыгы жана жайыт маселелери менен чек ара кыштактарында кошуна өлкөлөр менен биргеликте соода-сатык жайларынын ачылбаганы жергиликтүү калктын турмушун оордотууда.

XS
SM
MD
LG