Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ректору шайланды


ОШ. Ректорлукка талапкер катары алты адам катталып, бирөө шайлоонун алдында өз талапкерлигин алып койду. Добуш берүүгө профессордук-окутуучулук курамдын 124 мүчөсү катышып жаткандыгы шайлоону уюштуруу боюнча комитеттин төрагасы Махаматжан Мамасаидов тарабынан эскертилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгында негизги талапкерлер Дөөлөтбай Бабаев 63, Жумалы Адилбаев 57 добушка ээ болушту. Калган талапкерлер добуш ала алышкан жок. Шайлоону уюштуруу боюнча комитеттин жана эсептөө комиссиясынын чечими менен талапкер Дөөлөтбай Бабаев жеңүүчү деп табылды. Анын атаандашы Жумалы Адилбевдин жактоочулары шайлоодо буга чейин ректорлук милдетти аткарып келген талапкер Дөөлөтбай Бабаевдин пайдасы үчүн административдик ресурстар пайдаланылды деген нааразычылыктарын билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG