БИШКЕК. 27-ноябрда Бишкек шаарындагы №8 Түндүк жана Жалалабат облусундагы №20 Аксы шайлоо округдарында Жогорку Кенештин депутаттыгы үчүн шайлоо өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, бул шайлоодо Түндүк округунан жети, ал эми Аксыдан эки талапкер ат салышмакчы. Түндүк округундагы үгүт өнөктүгүн болсо соттук териштирүүлөр коштоп жүрдү. Ишембиде “Азаттыкка” аталган округда 95 бюллетень жетпей жатканы тууралуу маалымат түштү. Бул боюнча округдук шайлоо комиссиянын төрайымы Татьяна Коньковага кайрылганыбызда буларды белгиледи:
- Бул маселе боюнча азыр участкаларда тактоо иштери жүрүп, маселе иликтенүүдө. Муну эми жоголду деп бир беткей айтканга болбойт. Балким басмаканадан алынбай калгандыр. Азыр анын чоо-жайы териштирилүүдө.
Аталган округдарда добуш берүү жекшембиде эртен мененки сегизден кечки сегизге дейре жүргүзүлмөкчү. Шайлоого эл аралык жана жергиликтүү байкочулар көз салаары күтүлүүдө.