Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:34

Ирандагы зилзаладан 9 киши мерт болду

ИРНА маалымат агенттиги кабарлагандай, өлкөнүн чыгышында бүгүн күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө болду. Андан 4 кыштакка зыян келтирилип, 9 киши каза тапты. Силкинүүн эпицентри Бандар шаарынын жанындагы Кешм аралында болгону аныкталды. Кешмдин губернатору Хейдар Алишбандинин айтымында, аталган айылдардын калкы 6 миң кишиге жетет. АКШнын геологиялык мониторинг борбору болсо зилзаланын күчү 6,1 балл болгонун билдирди. Анын эпкини Бириккен Араб Эмираттарында да сезилди.
XS
SM
MD
LG