Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:36

Чеченстанда парламенттик шайлоо болду

Жумурияттын вице-премьер-министри Рамзан Кадыров жергиликтүү саат 13кө карай шайлоочулардын 25 проценти добуш берди, деп билдирген эле. Бул – шайлоо өттү деп тааныш үчүн жетиштүү. Чеченстандын жаңы конституциясына ылайык, жумурият эми эки палаталуу парламентке өтүүдө. Жогорку палата – Республиканын кеңеши, бир мандаттуу чөлкөмдөрдөн шайланган 18 кишиден турат. Төмөнкү палата же Элдик ассамблеяга болсо 40 депутат шайланмакчы. Алардын жарымы саясий партиялардын өкүлдөрү болот.
XS
SM
MD
LG