Азербайжандагы негизги оппозициялык эки партиянын билдирүүсүндө ушундай маалымат айтылат. “Мусават” партиясы ишемби күнү полиция оппозициянын жыйынын кууп таркаткан кезде 46 активисти ар түрдүү жаракат алганын, дагы беш мүчөсү он беш күнгө камалганын билдирди. Ал эми Азербайжан элдик фронтунун реформачыл канаты 43 тарапкери катуу жабыркаганын ырастады. АКШнын Бакудагы элчилиги азери өкмөтүн демонстранттарга каршы негизсиз жана ашыкча күч колдонгону үчүн сынга алды.