Ырасмий маалыматтарга ылайык, добуш берүүгө шайлоочулардын 64 проценттен ашыгы катышып, алардын дээрлик 88 проценти бийликтер сунуш кылган конституциялык реформаны жактады. Оппозиция болсо өз байкоочуларынын маалыматтарына таянып, добуш берүүгө шайлоочулардын он алты проценттен ашыгыраагы гана катышты деп ырастоодо. Конституцияга ылайык, референдумга жалпы шайлоочулардын үчтөн эки бөлүгү катышканда гана ал мыйзамдуу деп табылат. Өкмөтчүл партиялар сунуш кылган өзгөртүүлөрдө парламенттин ролун жогорулатуу каралган.