Мианманын аскерий жетекчилиги кечээ күнү атайын чечим кабыл алып, өлкө оппозициясынын жетекчиси Сан Су Жи айымды дагы бир жыл үй камагында кармоону чечти. Акыркы 16 жылдын 10 жылын Сан Су Жи камакта өткөрдү, ага каршы эч кандай сот жүргүзүлгөн эмес. Камакта отурган айымга Нобел сыйлыгы ыйгарылган.