Арменияда кечээ күнү элдик референдум өткөрүлдү, эл сынагына - өлкө конституциясына киргизиле турган жаңы өзгөртүүлөр жана толуктоолор коюлган. Расми маалыматтар боюнча, добуш берүүгө катышкандардын 93 пайызы конституциялык өзгөртүүлөрдү жактырды. Оппозициянын айтымында, референдумдун жыйынтыктарын бийлик кеңири бурмалады. Европа Кеңешинин байкоочулары дагы референдумду сынга алды.