Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:41

Чеченстандагы шайлоодо Маскөөнү колдогон күчтөр жеңгени жарыяланды


Кечээ күнү Чеченстанда парламенттик шайлоо өткөрүлдү, анда маскөөлүк бийиликти колдогон күчтөр жеңишке жетишти. Шайлоо комиссиясынын төрагасы Исмаил Байхановдун айтымында, "Бирдиктүү Россия" деген партия биринчи орунга чыкты:

- Беш пайыздык чектен үч партия өттү - "Бирдиктүү Россия" 60 пайызга жакын добуштарды чогултту, Коммунисттик партия 12 пайыз жана Оңчул күчтөрдүн биримдиги 10 пайыз алды.

Расми маалыматтар боюнча, добуш берүүгө шайлоочулардын 66 пайызы катышты. Европа Кеңешинин байкоочуларынын айтымында, шайлоо ачык жана демократиялык өткөрүлгөнү күмөн. Эл аралык байкоочулар шайлоого дээрлик келген эмес.

XS
SM
MD
LG