Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:32

Монреал шаарында климат боюнча экинчи эл аралык форум башталды


Канаданын Монреал шаарында бүгүн аба ырайынын дүйнөлүк өзгөрүшү боюнча Бириккен Улуттардын жаңы эл аралык конференциясы башталды. Ага 189 мамлекеттен келген он миңге жакын өкүл катышууда. Киото протоколу кабыл алынгандан бери бул – аталган маселе боюнча уюштурулган экинчи эң ири жыйын, ал 12 күнгө уланат. 1997-жылдын 11-декабрында Жапониянын Киото шаарында кабыл алынган протокол үстүбүздөгү жылдын башында күчүнө кирди, анда - 2012-жылга чейинки аракеттер аныкталган жана Монреал конференциясында - андан кийин көрүлө турган чаралар талкууланууда.

XS
SM
MD
LG