Испаниянын Барселона шаарында кечээ күнү Европа Биримдиги менен Жер ортолук деңизине чыккан мамлекеттердин бийик жолугушуусу башталган, бирок анын катышуучулары эки күндөн бери - терроризм деген түшүнүктү аныктоодо бир пикирге келе албай жатат. Айрым араб мамлекеттеринин айтымында, улуттук боштондук же чет элдик оккупацияга каршы күрөш террорчулук деп сыпатталбаш керек, Израил жана башка мамлекеттер ага каршы. Жыйында демократиялык жана экономикалык реформалар тууралуу декларация жана террорчулукка каршы күрөш боюнча жобо кабыл алынмак.