Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

Баткен окуясында курман болгон аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө жардам берилет


БИШКЕК. 2000-жылы Кыргызстандын аймагына кол салган террордук топтор менен болгон кагылышууда курман болгон Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн кызматкери, маркум Шайырбек Эрмековдун үй-бүлөсүнө өкмөт 50 миң сом акча каражатын жардам иретинде берет. Бул тууралуу буйрукка өкмөт башчы Феликс Кулов кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы 28-ноябрда кабарлады. Баткен коогасында окко учкан аскер кызматкеринин атасы Абдрасул Эрмеков буга чейин мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтерге жардам беруу өтүнүчү менен кайрылып келген. Бирок каражат жоктугунан бул маселе чечилген эмес.

1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында Кыргызстан 50дөн ашуун жоокеринен айрылган.

XS
SM
MD
LG