Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:14

“Кыргызалтындагы” каржылык кемчиликтерди баш прокуратура териштирет


БИШКЕК. Премьер-министр Феликс Кулов “Кыргызалтын” акционердик коомундагы финансылык мыйзам бузуулар боюнча материалдарды башкы прокуратурага жөнөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Эсеп палатасы аталган акционердик коомдун 2003-жылдан берки ишмердигин текшерип чыккан. Аудит убагында 2002-жылы “Кыргызалтын” Кумтөр кениндеги кырсыкка байланыштуу “Центерра голд” компаниясынын камсызданыруу төлөмдөрү катары америкалык “Эккерд” деген компанияга 11 миллион АКШ долларын которуп берген. Бул каражат болсо кыргыз тараптын жоготуусу катары калып калган. Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы билдиргенге караганда, бул материалдардын үстүнөн башкы прокуратура иштемекчи.

XS
SM
MD
LG