Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:25

Казакстандан кыргыз атуулдары күч менен чыгарылды


БИШКЕК. Казакстандын тартип коргоо органдары Алматы базарында соода кылган кыргызстандыктарды күч менен мекенине кайтарууда. Бул тууралуу Алматыдан күч менен чыгарылган атуулдар 28-ноябрда “Азаттыкка” билдиришти. Ноябрдан 28ине караган түнү кыргыз-казак чек арасына алынып келинип ташталган атуулдар 28-ноябрда өкмөт үйүнүн алдына чогулушту. Алар менен миграция боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Айгүл Рыскулова, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Исабеков жолугушту. Казакстандын базарларында соода кылган кыргызстандыктар 4 миң теңге төлөп, 3 айга каттоого турушат. Бирок мындай катоосу барына карбастан казак тарап атуулдардын паспортторуна “депортацияланды” деген мөөр басышкан.

XS
SM
MD
LG