БИШКЕК. “Мир” телерадиокомпаниясынын Кыргызстанда “Мир-Бишкек” деп аталган күнү-түнү обого чыга турган радиосу ачылды. Бул тууралуу премьер- министр Феликс Кулов менен мамлекеттер аралык “Мир” компаниясынын жетекчиси Виктор Сениндин жолугушуусунда белгилүү болду. 1992-жылы Москвада КМШга кирген 10 мамлекет келишимге кол койгондон кийин “Мир” телерадиокомпаниясы ачылган. “Мир-Бишкек” радиосу орус тилинде сүйлөйт жана бардык КМШ мамлекеттерине угулат. Аталган компания билдиргенге караганда, бул радио обого intelsat спутниги аркылуу FM толкунунда чыгат, ошондой эле КМШ мамлекеттерине тарачу радиотүйүндүн башаты болуп саналат.