БИШКЕК. Түндүк округунда 27-ноябрда өткөн парламенттик шайлоо орой мыйзам бузуулар жана шайлоочулардын атуулдук эркин басмырлоо менен өттү. Мындай билдирүүнү “Келкел” жаштар уюму таратты. Аталган уюм 12 шайлоо участкасында байкоочуларын койгон. “Бул округда добуш сатып алуулар жана айрым талапкерлердин басымынан улам шайлоочулар активдүү катышышты”, - деп жазылат билдирүүдө. Келкелчилер акыйкат шайлоого шайлоо комиссиялардын мүчөлөрүнүн көз карандылыгы жана кайсы бир талапкерге жан тартуусу тоскоол болууда деп эсептешет. “Интербилим” бейөкмөт уюму да билдирүү таратып, БШК добуш берүү күнү шайлоо участкаларында тартип орното алган жок, деп билдирди. “Интербилимдин” тыянагы боюнча бул шайлоодо администратидвик ресурс кеңири пайдаланылып, элди машиналар менен ташып келүү өңдүү мыйзам бузуулар көп болду.