БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиевдин маркум Баяман Эркинбаевдин өмүрүнө кол салууга кимдир бирөө кызыкдар болгондугу тууралуу премьер-министр Феликс Кулов Жогорку Кеңештин трибунасында айтып чыкканы чындыкка канчалык дал келди деген суроосуна Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Таштемир Айтбаевдин жообу төмөндөгүдөй болду:
- Феликс Кулов тергөөчүлөргө көрсөтмө берип айткан экен. Баяман Эркинбаевге кол салган Рысбек Акматбаев болушу мүмкүн деп. Рысбек Акматбаев да суракта болду. Бардыгын тактадык, иликтедик. Бүгүн тергөө бүттү. Ушул жуманын аягында бул ишти сотко беребиз. Бул боюнча эч кандай фактылар такталган жок.
Таштемир Айтбаев Жыргалбек Сурабалдиевдин жана Баяман Эркинбаевдин өлүмүнө байланыштуу тергөө иштери боюнча айрым депутаттардын суроолоруна жооп берди. Ал эми маркум депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу башкы покуратуранын тергөө иштери тууралуу маалымат Жогорку Кеңеште бейшемби күнү угула турган болду.