Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:51

Д. Сарыгулов: “Алтын чатагына менин тиешем жок”


БИШКЕК. Кыргыз алтынын Швейцарияга ташып чыгуу боюнча чатакка менин тиешем жок. Мындай пикирин мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов АКИ-пресс агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Башкы прокуратура аны суракка чакырган эмес. Мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров июнь айында алтын чатагына Дастан Сарыгуловдун тиешеси бар жана ал суралып жатат, деп билдирген. Дастан Сарыгулов “Кыргызалтын” акционердик коомун 1992-жылдан 1999-жылга чейин башкарган. Эскерте кетели, 1992-жылдын башында Швецариядагы “Металлур” заводуна тазалатабыз деп алынып чыгылган 1 тонна 600 кг. алтын кайра Кыргызстанга кайтып келген эмес.

XS
SM
MD
LG