БИШКЕК. Түндүк округу боюнча парламентке ат салышкан Роза Отунбаева, Бакыт Керимбеков жана Мухитдин Рустанбеков аталган округдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу өтүнүчү менен БШКга кайрылышты. Бул тууралуу БШКнын жетекчиси Туйгунаалы Абдраимов маалымат жыйынында билдирди.
Бакыт Керимбековдун айтымында, алардын колунда шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузуулар жана добуш сатып алуу фактылары боюнча материалдар бар:
- Шайлоо кодексинин нормалары орой бузулду. Акаевдин тушундагы февраль айындагы шайлоодогудай эле болду, эч бир өзгөрүү жок. “Алга, Кыргызстандын” технологиялары пайдаланылды.
БШК төрагасынын айтымында, бул талапкерлер мыйзам бузуулар жөнүндө документтерди үч күн ичинде тапшырышы керек. Андан кийин БШК атайын комиссия түзүп, бардык материалдарды иликтеп чыгат. Туйгунаалы Абдраимовдун айтымында, Азимбек Бекназаров 88 пайыз менен алдыга чыккан №20 Аксы округу боюнча арыз-даттануулар жок.