Казакстандын тартип коргоо уюмдары тараткан маалыматка караганда, оппозициялык саясатчы Заманбек Нуркадилов өзүн-өзү атып өлгөн. Анын денеси Алматыдагы үйүндө 12-ноябрда табылган жана тергөөчүлөрдүн айтымында, ал алгач өзүн эки жолу көкүрөккө аткан, андан өлбөй калгандыктан, үчүнчү жолу өзүн тапанча менен башка аткан. Өзүн-өзү өлтүрүүгө аны үй-бүлөсүндөгү абал түрткөн. Нуркадилов мурда Алматынын мэри, андан соң күтүүсүз кырдаалдар министри болуп иштеген жана кийин оппозиция тарапка өтүп кеткен.