АКШ мамлекеттик катчылыгы билдиргенге караганда, Ирактагы америкалык элчи Залмай Халилзадка тапшырма берилди жана эми ал Иран жетекчилери менен жолугуп, Ирактагы абалды калыбына келтирүү маселелерин талкуулого тийиш. 1979-жылдагы барымта окуясынан бери Иран менен АКШ ортосунда дипломатиялык мамиле жок.