Парламенттин төмөнкү палатасы кабыл алган документте террордук иш-аракеттерди алдын алууда бир катар чаралар каралган. Эгер документ жогорку палатада жактырылса, анда президентке жөнөтүлөт жана ал кол койгон соң күчүнө кирет. Өлкөнүн премьер-министри Доминик де Вилпен да кечээ иммиграция чөйрөсүндө тартипти күчөтүү пландарын жарыялады. Анда Францияга билим алганы келе турган чет өлкөлүк студенттерди кылдат текшерип, тандап алуу жагы каралган.