Бир нече апта мурун Иракта бельгиялык жан кечти аял бомба жардырган эле. Баш прокуратуранын маалымат катчысы Лив Пелленс полиция баш калаа Брюсселдеги жана 3 башка шаардагы айрым турак жайларды кыдырып чыкканын, бир нече шектүү киши сурак берүү үчүн кармалганын билдирди. Бельгиянын расмий өкүлдөрү ырастагандай, жан кечти аялдын мусулманга күйөөгө чыгып, ислам динине өткөнү такталды.