Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

Жогорку Кеңеш баш мыйзамдын долбоорун келерки аптада талкуулайт


БИШКЕК. «Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүү, түзөтүү киргизүү жөнүндөгү» долбоорду Жогорку Кеңеш келерки аптада талкуулап, өзүнүн баасын бермекчи. Бул талкуу депутаттардын сунушуна ылайык, телеканал аркылуу элге түз көрсөтүлөөрү болжолдонуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев 30-ноябрда журналисттерге билдирди. Ал эми ушул күнгө белгиленген Конституциялык кеңешменин депутат мүчөлөрүнүн бейформал талкуусу депутаттардын чогулбай калгандыгына байланыштуу өткөн жок. Бул күнкү талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов баштаган саясатчылар даярдаган баш мыйзамдын атаандаш долбоору сунушталаары күтүлүп жаткан. Конституциялык кеңешменин курамына Жогорку Кеңештин 37 депутаты кирген. Жалпысынан кеңешменин 300дөн ашык мүчөсү бар.

XS
SM
MD
LG