БИШКЕК. 30-ноябрда Биринчи май райондук соту өзгөчө оор кылмыш жасагандыгынан шектелген Рысбек Акматбаев баштаган 9 адамдын ишин кароону улантты. Бул күнү мамлекеттик айыптоочу айыпты окуп берди. Муну айыпталуучу тарап төгүндөдү. Алар Ички иштер министрлигинин кызматтык кылмышка каршы күрөш башкармалыгынын башчысы Чыныбек Алиевдин, ошондой эле Хаважи Заурбеков, Нурлан Бердикеев аттуу адамдарды өлтүрдү деп шектелүүдө. Бул сот иши октябрдын аягында башталып, бирок соттун 3 отурумуна күбөлөрдүн жана жабырлануучулардын толук келбей койгондугуна байланыштуу иш 14-ноябрда башкы прокуратурага кайра кайтарылган. Башкы прокуратура күбөлөр менен жабырлануучу тараптын жараянга катышуусун камсыздоо милдетин алган соң, сот ишин кайрадан 25-ноябрда жандандырган.