БИШКЕК. Синоптиктердин айтымында, 2-декабрда Кыргызстандын аймагы боюнча кар жаашы күтүлбөйт. Чүй, Талас, Жалалабат, Ош, жана Баткен облустарынын айрым жерлерин туман каптайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5...-10 градус суук, күндүз 0...+5 градус жылуу. Талас жергесинде түнкүсүн -7ден...-12 градуска чейин суук болот. Күндүз +2...+7 градус жылуу. Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн -1...-6 градус суук, күндүз +5...+10 градус жылуу болот. Ал эми Ысыккөл ойдуңу боюнча түнкүсүн абанын температурасы -1ден...-6 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз +3...+8 градуска жылыйт. Тоолуу Нарында түнкүсүн -12...-17 градус суук, күндүз +1...+6 градус жылуу.
Ордо калаа Бишкекте күн бүркөк болуп, мезгил-мезгили менен туман түшүп турат. Жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: түнкүсүн -5...-7 градус суук, күндүз +1...+3 градус жылуу.
Кабарлар топтомун Бурулкан Сарыгулова, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.
Редактор – Шайырбек Эркин уулу