Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:25

Жалалабатта да СПИДке каршы күрөшүү күнү белгиленди


ЖАЛАЛАБАТ. СПИДке каршы акцияда иммундук таңсыктык илдетинин дүйнө менен Кыргызстандагы жана облустагы абалы тууралуу маалыматтар берилип, суроо-жооптор менен улантылды. Туура жооп тапкандар баалуу белектер менен сыйланды. СПИД илдетин жуктурбоо кеңештери айтылып, акциянын катышуучуларына оорунун алдын алуучу каражаттар таркатылды. Облустун 57 тургуну иммундук таңсыктык илдетине чалдыккан, алардын бирөөсү Ноокен районунан 4 жаштагы тургуну. Ооругандардын 80 пайызы кеселди маңзаттарын сайынгандан жуктурган, экөө көз жумган. Каражаттын тартыштыгынан ВИЧ илдеттүүлөргө андан башка өнөкөт оорулары үчүн дары-дармек берүү оор болууда. СПИДге чалдыккандар расмий катталгандардан 10-15-эсе көп болуусу ыктымал. Баңгилердин катары узарып, алардын саны эки миңден ашты. Жалалабат түрмөсүндөгү 20дан ашык ВИЧ илдеттүү жетиштүү деңгээлде дарыланбайт. Мындай маалымат 1-декабрда облустук СПИД борборунан алынды. “Таис+ 2 » аттуу бейөкмөт уюмдун пикири боюнча укугу корголбогондугуна байланыштуу ВИЧ илдеттүүлөрдүн көбү өз ыктыярлары менен врачтарга кайрылышпайт.

XS
SM
MD
LG