Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:44

“Газпром” Кыргызстанга инвестиция берүүгө даяр


БИШКЕК. 1-декабрда президент Курманбек Бакиев Орусия Федерациясынын “Газпром” компаниясына баш ийген “Зарубежнефтегаздын” башкы директору Валерий Гулевди кабыл алды. Жолугушууда газ тармагы боюнча 2003-жылы кол коюлган келишимге ылайык, кыргыз өкмөтү менен “Газпромдун” алдыдагы кызматташуусу жана бүгүнкү абалы тууралуу маселе козголду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Валерий Гулев өз сөзүндө “Газпром” Кыргызстандын экономикасын инвестициялап, анын өнүгүүсүнө салым кошоорун билдирген.

Жолугушууда кыска мөөнөттүн аралыгында эки тараптуу кызматташуунун жаңы келишимин иштеп чыгуу макулдашылып, мамлекет башчы премьер-министр Феликс Куловго жыл аягына чейин аталган келишимге кол коюп, жыл башында аны турмушка ашырууну тапшырды.

XS
SM
MD
LG