Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:46

Казак тарап кыргыз мигранттарын күч менен чыгарууну токтотту


БИШКЕК. Бул тууралуу Миграция боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Айгүл Рыскулова бейшембиде кыргызстанга кайтарылган эмгек мигранттары менен жолугушууда билдирди. Жолугушууну төрайым өзүнүн Алматыга жасаган сапарына байланыштуу уюштурду. Рыскулованын айтымында, Алматы бийлиги чыгарылган эмгек мигранттарына Алматы базарларындагы буюм-тайымын жыйнаштыруу үчүн 3 күн уруксат берди. Ал эми ишкерлер болсо ага бир ай мөөнөт талап кылып жатышат. Мындан тышкары алар Казакстандын миграция полициясы паспортторго коюлган мөөрүн жокко чыгарууну талап кылышууда. Бул мөөр басылган паспорт менен Казакстанга үч жылга чейин кирүүгө мыйзам жол бербейт. Миграция комитетинин ушул эле жолугушууда белгилегенине караганда, Алматы базарларынын өрттөлүшүнөн кыргызстандык 40 атуулдун контейнерлери күйүп кеткен. Алардын айрымдары азыр карыздары үчүн жергиликтүү ишкерлер тарабынан кармалып турушат жана аларды чыгаруу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Президенттик шайлоого байланыштуу эмгек мигранттарын чыгарууну казак бийлиги 25-ноябрда баштаган. Жалпысынан Казакстанда кыргызстандык 100 миң чамалаш эмгек мигранты бар экендиги болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG