Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:08

Ооган согушунун ардагерлери нааразылык чарасын өткөрүүнү болжошууда


БИШКЕК. Эгер бийлик Кыргызстандагы ооган ардагерлеринин маселелерин тегерек үстөлдө талкуулабаса, алар 15-декабрда тынч митинг өткөрүүнү көздөп жатышат. Бул тууралуу «АКИпресс» агенттигинде уюштурулган маалымат жыйынында Ооган согушунун ардагерлери ассоциациясынын төрагасы Нурлан Төрөбеков билдирди. Митингде 1996-жылы кабыл алынган «Согуштун, аскер күчтөрүнүн ардагерлери, оорукта иштегендер жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы талап кылынат. Ооганчылардын айтымында, бул мыйзамда белгиленген жарандарды көмүр, дары-дармек менен камсыздоо, таксиден башка жол кире, турак жай бекер берилет деп жазылган, Бирок учурда ооганчылар бир тонна көмүр үчүн болгону 700 сом, дары-дармекке жылына 400 сом алышат. Мындан тышкары музейге имарат, Ысыккөлдөн пансионат алуу талабын да коюшат. Ооганчылардын пикирлеринде, бийлик ооганчыларды Баткен окуясы, 24-25-март окуясы өндүү жагдайларды тынчытууга пайдалануу менен чектелет.

XS
SM
MD
LG