БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевдин жана анын жанындагылардын өлүмүнө байланыштуу шектелген 110дон ашуун адам суралып, 65 экспертиза өттү. Документтер, далил буюмдар алынды. Негизинен каралуучу соттук экспертиза аяктап калды. Бул тууралуу башкы прокурор Камбараалы Конгантиев 1-декабрда Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, 1-ноябрда №31-колонияга жана Азиз Батукаев жашаган №5 жатаканага Жаза аткаруу башкармалыгы менен Ички иштер министрлиги тарабынан атайын жүргүзүлгөн операцияда көптөгөн ок атуучу куралдар, баңги заттар, акча каражаты табылган. Ошондой эле Азиз Батукаев менен абакта чогуу жашап жүргөн жубайы Межитовадан Жаза өтөө башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, маркум Ихматулла Полотовдун тапанчасы табылган. Баш прокурор бул иш боюнча учурда прокуратуранын атайын иликтеп-тергөө тобу бир катар иштерди жасап жатканын маалымдады.