Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:22

Маркум Акматбаевдин тарапкери комиссия ишине алымсынбаганын билдирди


БИШКЕК. Парламенттин депутаты маркум Тынычбек Акматбаев баштаган комиссияга кол салууну Феликс Кулов алдын ала билгендиги, анын Азиз Батукаев менен байланышы тууралуу депутаттык комиссиянын төрагасы Алишер Сабиров буларды билдирди:

- Биз чогулткан материалдар боюнча, ошондой эле премьер-министр Феликс Куловдун түшүндүрмөсү жана конкреттүү фактылардын негизинде бул ишке Феликс Куловдун да, спикер Өмүрбек Текебаевдин да түздөн-түз байланышы бар экендигин далилдей алганыбыз жок.

Алишер Сабировдун айтымында, бул кайгылуу окуя Азиз Батукаев менен Рысбек Акматбаевдин курч тирешүүсүнүн негизинде келип чыккан.

Ал эми маркум Тынычбек Акматбаевдин жакындарынын өкүлү катарында депутаттык комиссиянын мүчөсү болгон Исмаил Кочкарев депутаттык комиссиянын иликтөө иштерине алымсынбаганын, Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө Феликс Куловдун себепкер болгонун билдирди. Ал жогорудагы ишке байланыштуу премьер-министрди кызматтан кетирүүнү Акматбаевдин жакындарынын атынан сунуштады.

XS
SM
MD
LG