Азербайжандын Жогорку cоту бүгүн 6-ноябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын бекитти. Бирок фальсификациялоо аныкталган 10 округда кайра добуш берүү болот. Оппозиция шайлоонун толук бурмаланганын билдирип, кайра шайлоо өткөрүү талабы менен бир нече жолу нааразылык акциясын өткөргөн. Азербайжан парламенти 125 депутаттык орундан турат. Анын алгачкы жыйыны 2-декабрда болоору күтүлүүдө.