Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:54

ӨЗБЕКСТАНДА ВИЧ-СПИД ИЛДЕТИНЕ ЧАЛДЫККАНДАР КӨБӨЙҮҮДӨ


Айымкыз, Ташкен Маалыматтарга караганда, Өзбекстанда ВИЧ инфекциясын жуктургандардын саны барган сайын артып барат. Акыркы учурда шаарда сойкулардын санынын артышынын натыйжасында жыныстык жакындыктан ВИЧ оорусун жуктургандардын саны банги зат колдонуу аркылуу бул ооруну жуктургандардын санынан көп айырмаланбай калганын адистер белгилешүүдө.

Айрым адистердин оюнча, СПИД бүгүнкү күндө адамзаттын келечегине терроризмден кем эмес коркунуч туудурууда. Бул оору өзгөчө жаштарды жайрандап, нечендеген адамдардын өмүрүн кыюуда. Бул илдетке чалынып аткандардын саны жаштардын арасында артып бараткандыгы адистерди тынчсыздандырууда.

“Ишеним жана жашоо” бейөкмөт уюмунун маалыматына караганда, Өзбекстанда ВИЧ инфекциясын жуктургандар 25 жаштан 44 жашка чейинки аралыктагы кишилердин арасында көпчүлүктү түзөт.

25 жаштагы ташкендик бул айымдын айтымында, ВИЧ вирусун ал жыныстык катыш аркылуу жуктурган:

- Өзүмө да, көңүлдөшүмө да 100 пайыз ишенчүмүн. Бул ооруну жуктуруп алганым үйдөгүлөргө катуу таасир кылды. Эгер бир жигит менен бири-бирибизди жактырып калчудай болсок, мен андан оорумду жашырбайм. Мени түшүнүп, мени менен турмуш кура турган киши табылаарына ишенем.

Өзүн Мамыр ден тааныштырган ташкендик 47 жаштагы кишинин айтымында болсо, банги зат торуна чалдыккан кишилердин айтымында, алар “сынып” турган кезинде көзгө эч нерсе көрүнбөй калат:

- Ийнени кайнатууга же жаңысын алып келүүгө чыдамсыздык менен алпурушкан мындай учурда бардык нерсеге, жаныңдагы бирөөнүн иштетилген ийнесин алып пайдаланууга да кайыл болосуң.


“Ишеним жана жашоо” бейөкмөт уюмунун өкүлү Сергей Питаевдин айтымында, Өзбекстан өкмөтү эл аралык уюмдар менен кызматташтыкта CПИДге каршы күрөшүү программаларын иштеп чыгууда. Бирок жаштардын бул оору жана андан сактануу жолдорун билбестиги ооругандардын санынын уламдан-улам артып барышына себеп болууда:

- Борбор шаардын тургундары бул оору жөнүндө анча-мынча кабардар. Бирок элеттик калайыктын маалыматы өтө аз. Оору жуктургандарга мамлекет тарабынан акысыз медициналык кызмат менен бир катарда социалдык жардам да көрсөтүлүп жатат. Бирок аларга пенсия, майыптык даражалары берилбейт.

Анын билдиришинче, акыркы жылдары үгүт иштерин кеңири алып баруунун натыйжасында бул оору жөнүндө маалымат алуу үчүн кызыккандардын саны көбөйүүдө. Ишеним телефондоруна улан-кыздар менен бирге жашы улуу кишилер да телефон чала башташты.

Жергиликтүү байкоочулардын айтымында, Өзбекстанда ВИЧ инфекциясын жуктурган деп тизмеге алынгандардын саны 5 миңден ашат. Бирок тизмеге алына электерин кошо эсептегенде, алардын саны мындан бир канча эсеге көп. Байкоочулар ошондой эле, мамлекетте ВИЧ инфекциясын жуктуруп алгандардын саны барган сайын артып баратканын тынчсыздана белгилешүүдө.

СПИДдин алдын алуу жөнүндөгү китептер азырынча ооруканаларда таркатылууда, ал эми окуу жайларындагы айрым кабинеттерде гана мындай адабияттарды учуратуу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG