Кечээ Алматыда өткөн жыйында оппозициянын талапкери Жармакан Туякбай бийликтеги президент Нурсултан Назарбаевди жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн өлкө байлыгынын эсебинен туйтунуп жатат деп айыптады. Эгер Назарбаев кайра шайланса, анда Казакстан, Туякбайдын айтымында, Түндүк Корея жана Түркмөнстан өңдүү дүйнөдөгү репрессивдүү өлкөгө айланат. Астанада болсо Назарбаев өзүнүн алдыдагы жети жылга эсептелген программасын жарыялап, өлкөнү индустриялаштырууну жана айыл чарбасын көтөрүүнү башкы милдеттердин топ башында атады. Ал ошондой эле калктын жашоо шартын жакшыртууга жана жарандык коомду андан ары либералдаштырууга чакырды.