Америкалык жана ирактык күчтөр Рамади шаарында козголоңчуларга каршы жаңы операцияны башташты. Операция 15-декабрда болчу парламенттик шайлоонун коопсуздугун камсыздоого багытталды деп маалымдады АКШлык аскерий жетекчилик. Ноябрда акыркы жети айга салыштырмалуу жанкечтилердин бомба чабуулдары аз болду. Генерал Рик Линчтын маалымдашынча, өткөн айда америкалык 85 аскер катардан чыккан. Бул Ирак согушундагы эң чоң жоготуу.