Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:17

Кыргыз- өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө


БИШКЕК. Кыргыз- өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн 2- декабрда Бишкекке Өзбекстандын өкмөт мүчөсү Абдували Абдуазизов жетектеген делегация келди. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн юридикалык башкармалыгынын өкүлү Саламат Алманов билдирди. Учурда кыргыз- өзбек чек арасынын 1037 чакырымы такталган. “Эң оор делген 260 чакырым боюнча сүйлөшүүлөр башталды” дейт Саламат Аламанов. Өзбекстан бийлиги үстүбүздөгү жылдын октябрь айында кыргыз- өзбек чек арасы миналардан тазалангандыгын кабарлаган. Эскерте кетели, өзбек бийлиги 1999-2000- жылдары Баткен коогалаңына байланыштуу коопсуздук чарасы катары Сох, Шахимардан анклавдарынын тегерегине мина коюп чыккан.

XS
SM
MD
LG