Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Д.Грант: “Инвестициялык жагдай начар”


БИШКЕК. Премьер-министр Феликс Кулов 2- декбарда Эл аралык ишкерлер кеңешинин жетекчиси Дэвид Грантты кабыл алды. Өкмөт башчынын айтымында, быйыл инвестициянын көлөмү былтыркыдан 30 пайызга жогорулады. Бирок Дэвид Грант быйлы сентябрь айында жүргүзүлгөн иликтөөлөр инвестицияны тартуу боюнча иштер анча жакшы эместигин көрсөткөн. Мындай пикирге карата Феликс Кулов айрым бир жагдайлар чет өлкөлүк ишкерлер арасында түшүнбөөчүлүктү жаратып атышы ыктымал деди. Бишкектеги Айчүрок дүрдүнө дүкөнүнүн башкы деректири Жоржио Фиакконин текшерүүгө негиз бар болчу, тергөө кандай аяктаарын байкап туралы деди өкмөт башчы. Эскерте кетели, бир канча миллион сом салыкты жаап- жашырган деп италиялык ишкер Жоржио Фиаккониге каршы кылмыш иштер ачылган. Буга чейин Дэвид Грант журналисттерге мындай кылмыш иштер чет өлкөлүк инвесторлорду чочутат деген пикирин айтып келген.

XS
SM
MD
LG