Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Жалалабадда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кайрымдуулк марафонун өткөрүштү


ЖАЛАЛАБАТ. Облустун борборундагы көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунда 18 мекеме-уюмдун жана жергиликтүү бийликтердин катышуусунда кайрымдуулук марафон өткөрүлдү. Майыптардын көңүлдөрүн көтөрөр куттуктоо сөздөрү айтылып, кийим-кечек, азык-түлүк жана акча түрүндө жалпы баасы 29 миң сомдук жардам берилди. Облустук социалдык жактан коргоо башкармасы аталган коомго 7 миң сом нак акча кошуп, балдардын облустук психо-неврологиялык диспансерине ушундай эле каражат менен түртмө эки арабаны тапшырды. Мындай маалымат 3-декабрда Жалалабат шаар мэриясы менен облустук социалдык коргоо башкармасынан алынды. Маалыматка караганда, психо-неврологиялык диспансерде жаткан балдардай эле шаардагы 188 майыптын жүзгө жакыны төшөктөн туралбайт. Облуста 22 миңге жакын мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар катталган.

XS
SM
MD
LG