Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:24

Ысыккөлдө автожол маселеси көтөрүлдү


БИШКЕК. Ысыккөлдө Дүйнөлүк Банктын “Шаардык транспорт” долбоорунун алкагында “Шаарлардын жолдорун каржылоо” деген аталыштагы семинар болуп өттү. Анда автожолдорду каржылоонун механизмдери, жол корунун булактарын табуу маселеси каралып, чечим кабыл алынды. Ага ылайык шаар жолдорун каржылоо боюнча шаардык жол корлорун түзүү, шаардык кеңештер тарабынан жолдорду оңдоонун беш жылдык программасын кабыл алуу, автотранспорт салыгын 3 пайызга көтөрүү, “Жол кору” жөнүндөгү мыйзамга толуктоолорду киргизүү жана башка маселелер көтөрүлгөн.

Транспорт жана коммуникация министирлигинин карамагында 19 миң км. автожол бар. Көмүр кендерин, райондорду, ишканаларды кошкондо дагы 15 миң км. жол кошулат. Адистердин айтымында, автожолдорго көңүл бурулбаса жылыга республиканын аймагындагы 200 миң км. жол керектен чыгат. Бул тууралу Каржы министрлигинин басма сөз кызматынан 3-декабрда билдиришти.

XS
SM
MD
LG