Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:45

“Токмокто кыйноого каршы” акциясы күч менен токтотулду


БИШКЕК. Токмок шаарындагы “Аалам - маданияттын көз карашы менен” аттуу коомдук бирикмеси жана “Токмоктогу адам укугу боюнча ресурстук борбору” жума күнү түшкү саат 12лерде шаардын борбордук аянтында “Токмок кыйноого каршы, кыйноону токтотууга жардам бер” деген аталыштагы акция өткөрө баштаганда милиция кызматкерлери келип күч менен цифралык фотоаппараттын сүрөт сактоочу дискти алып алышып, акцияны токтотууга мажбур кылышты. Бир милиция кызматкери сүрөт сактоочу дискти берип, белгисиз адамга үн күчөтүүчү аппаратты жүктөп кетүүгө буйрук берди. Бул тууралуу аталган коомдук бирикменин лидери Максим Кулешов 3-декабрда билдирди. Анын маалыматына караганда, укук коргоо органдарынын кызматкерлерибиз деген адамдар күбөлүктөрүн көрсөтүшүдөн баш тартышкан. Токмоктогу окуя тууралуу Ички иштер министрлигин басма сөз кызматына кайрылганбызда, алар окуяны иликтеп дүйшөмбү күнү так маалымат бере тургандыктарын билдиришти. Алардын айтымында, эгерде кандайдыр бир саясий акцияларды өткөрүүнү каалагандар алдын-ала жергиликтүү бийликтерге кайрылуусу керек.

XS
SM
MD
LG